Коом

Министр Караколдогу тарых музейин жаңылоо иштерин текшерди

Коом

Министр Караколдогу тарых музейин жаңылоо иштерин текшерди

Каракол шаарындагы тарыхый музейде толук реконструкция иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 159 млн сомду түзөт. "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы учурда объектте оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштерин улантууда.

Уулжан Бейшенбекова
Аксыда 908,2 млн сомдук сугат суу долбоору ишке ашууда

Коом

Аксыда 908,2 млн сомдук сугат суу долбоору ишке ашууда

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Аксы районунда курулуп жаткан Ак-Терек каналынын курулуш иштери менен таанышты. Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, Падыша-Ата дарыясынан башталган бул ири ирригациялык объект аймактагы сугат суу тартыштыгын жоюуга багытталган. Долбоордун жалпы наркы 908,2 млн сомду түзөт. Канал толук ишке берилсе 3400 гектар жаңы

Уулжан Бейшенбекова
Эмгек чөйрөсүндөгү басым жана куугунтук маселеси талкууланды

Коом

Эмгек чөйрөсүндөгү басым жана куугунтук маселеси талкууланды

Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин 15-июндагы кезектеги отурумунда эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана куугунтук маселеси каралды. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн концепциясы сунушталды. Отурумга депутаттар, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Уулжан Бейшенбекова
Тоголок алтын кени өлкөнүн өз каражаты менен иштетиле баштады

Коом

Тоголок алтын кени өлкөнүн өз каражаты менен иштетиле баштады

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ири Тоголок алтын кени өлкөнүн өз күчү жана каржылоосу менен өздөштүрүлө баштады. Долбоорду "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишке ашырууда. Ишкананын маалыматына караганда, кен деңиз деңгээлинен 4 000 метр бийиктикте жайгашкан Ак-Шыйрак тоо кыркалары аймагында болгондуктан иштетилбей келген. Учурда кыртышты ачуу иштери жүрүүдө. Алдыдагы 1–

Уулжан Бейшенбекова
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 374,7 млрд сомго жетти

Коом

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 374,7 млрд сомго жетти

2026-жылдын январь-май айларында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 374,7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, физикалык көлөмдүн индекси 2025-жылдын январь-май айларына карата 114,4%ды түздү. Өнөр жай өндүрүшүнүн 2025-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу өсүшү: негизги металлдардын 12,4%

Уулжан Бейшенбекова
Жогорку Кеңеш кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Коом

Жогорку Кеңеш кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Демилгечи депутат Дастан Бекешев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты — кыймылсыз мүлккө каттоо аракеттерине өзүнө-өзү тыюу салуу механизмин киргизүү аркылуу жарандардын мүлктүк укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону

Уулжан Бейшенбекова
Таласта мыйзамсыз иштеген май куюучу жайга 200 миң сом айып салынды

Коом

Таласта мыйзамсыз иштеген май куюучу жайга 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объектилерин көзөмөлдөө иштерин улантууда. Ведомстводон билдиришкендей, жергиликтүү тургундардын арызынын негизинде Талас районуна караштуу Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү №388 жана №392 даректерде жайгашкан “Сардалбек” жана “Партнер Нефть” май куюучу жайларында пландан тышкары текшерүү

Айгерим Качкынбекова
Бишкекте аткаминерге пара алуу боюнча кылмыш иши козголду

Коом

Бишкекте аткаминерге пара алуу боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек шаарында Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын кызматкерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаар прокуратурасы тарабынан жарандардын кайрылууларынын негизинде текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө кызматкер К.Ы.М. жеке ишкерден кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, системалуу түрдө акча алып жүргөн. Натыйжада жеке ишкерден мыйзамсыз жалпы 195

Уулжан Бейшенбекова
Франциялык компания Манас шаарына асма жол курууну сунуштады

Коом

Франциялык компания Манас шаарына асма жол курууну сунуштады

Франциялык компания Манас шаарына асма жол куруу долбоорун сунуштады. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаар мэри Абдупата Маткаликов француздук компаниянын Борбор Азия жана Батыш Балкан аймагындагы коммерциялык директору Орхан Ширин баштаган делегацияны кабыл алып, тараптар инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Жолугушууда асма жол куруу демилгеси расмий түрдө сунушталып, ал ишке

Уулжан Бейшенбекова
Соң-Көлдөн 8000 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор табылды

Коом

Соң-Көлдөн 8000 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор табылды

Соң-Көл көлүндө экологиялык абалды жакшыртуу жана балык ресурстарын сактоо максатында ири рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашты. Иш-чара Соң-Көл балык чарбасы мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери тарабынан Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун милиция кызматкерлери менен биргеликте уюштурулду. Рейддин

Уулжан Бейшенбекова
Жеңил өнөр жай тармагына 6,7 млрд сом инвестиция тартылды

Коом

Жеңил өнөр жай тармагына 6,7 млрд сом инвестиция тартылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда акыркы эки жылда тармакка 6,7 миллиард сом инвестиция тартылганын билдирди. Анын айтымында, 2024–2025-жылдары "100 өнөр жай ишканасы" долбоорунун алкагында 23 жеңил өнөр жай ишканасы пайдаланууга берилген. "Натыйжада 3971 жаңы жумуш

Уулжан Бейшенбекова
Сары-Жондо кум-шагылды уруксатсыз казгандарга айып пул салынды

Коом

Сары-Жондо кум-шагылды уруксатсыз казгандарга айып пул салынды

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сары-Жон айылынын четиндеги кичи дарыядан кум жана шагылды уруксатсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу фактысы боюнча тиешелүү протокол түзүлүп, 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле Чүй регионалдык башкармалыгынын

Уулжан Бейшенбекова