Коом
Чоң-Алайда жогорку түшүмдүү жүгөрү үрөнү алгачкы жолу эгилди
Чоң-Алай районунда тоют базасын чыңдоо жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында Германиянын KWS компаниясынын жогорку түшүмдүү КВС КАШМИР (FAO 390) сортундагы жүгөрү үрөнү алгачкы жолу эксперимент катары эгилди. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жүгөрү райондун жогорку, ортоңку жана ылдыйкы зоналарындагы жалпы 3,5 гектар аянтка себилди. Адистердин маалыматына ылайык, бул