Коом
Чүйдө жер мунапысынын алкагында дачалардын көйгөйлөрүн чечүү иштери башталды
Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев дача кооперативдеринин башчылары менен жолугушуп, аймактагы жер мунапысынын жүрүшүн талкуулады. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти. Иш-чарага район акимдеринин биринчи орун басарлары, облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчилери, ошондой эле Мамкаттоонун жана башка тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Кыргызстанда 400дөн ашык багбанчылык шериктештиктери