Коом
Кыргызстанда балдар жана энелер өлүмү жогору бойдон калууда
Улуттук статистика комитети өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы боюнча кезектеги маалымат жыйынын өткөрүп, 2026-жылдын башындагы демографиялык көрсөткүчтөрдү жарыялады. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда балдардын жана ымыркайлардын өлүмүнүн деңгээли өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу жогору бойдон калууда. 2025-жылы 5 жашка чейинки балдардын өлүмү ар миң тирүү төрөлгөн балага 14,1 өлүмдү түздү. Бул көрсөткүч