Коом
Нурдан Орунтаев Караколдогу тарыхый музейдин оңдоп-түзөө иштерин текшерди
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Каракол шаарына болгон иш сапарынын алкагында тарыхый музейде жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты. Министрликтин маалыматына ылайык, долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 159 миллион сомду түзөт. Реконструкция иштерин Курулуш министрлигине караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы