Коом

Быйыл 77 миңден ашуун жаран иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылды

Коом

Быйыл 77 миңден ашуун жаран иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 77 миң 551 жаран кайрылды. Алардын 52 миң 807сине эмгек мыйзамдары, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү, кесиптик окутуу жана кайра даярдоо багыттары, ошондой эле кесип тандоо боюнча кеңеш берилген. Натыйжада иш менен камсыз кылуу

Уулжан Бейшенбекова
Оштогу аэропортто мыйзамсыз товарларды алып кирүүгө бөгөт коюлду

Коом

Оштогу аэропортто мыйзамсыз товарларды алып кирүүгө бөгөт коюлду

Салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарындагы аэропорттон Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн келген товарларды мыйзамсыз алып кирүү аракетин аныктап, ага бөгөт коюшту. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, жүктү текшерүү учурунда баштыктардын ичинен сүркүзөндүн терисинен жасалган 109 баш кийим жана 161 даана сүркүзөндүн териси табылган. Аталган товарлар тиешелүү коштомо документтери жок ташып келинген.

Уулжан Бейшенбекова
Коррупция жана алдамчылык боюнча айыпталган компаниялардын ээлери тендерге катыша албайт

Коом

Коррупция жана алдамчылык боюнча айыпталган компаниялардын ээлери тендерге катыша албайт

Кыргызстанда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, алардын негизги бөлүгү 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Жаңы эрежелерге ылайык, мамлекеттик сатып алуулардын ыкмасы үчөө гана болот: ачык тендер, баа сунуштарын суроо жана бир булактан сатып алуу. Мыйзам коррупцияга каршы талаптарды да күчөтөт. Коррупция жана алдамчылык үчүн соттолгон компаниялар

Сапар Акунбеков
Таластын кире беришинде жаңы курулуш долбоорлору ишке ашырылууда

Коом

Таластын кире беришинде жаңы курулуш долбоорлору ишке ашырылууда

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев өрөөндүн кире бериш аймагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, ал туристтер жана меймандар үчүн курулуп жаткан "рест-поинттин" курулушу, арканы жаңылоо жана жарыктандыруу тутумун орнотуу иштерин көрүп чыкты. Жаңы курулуп жаткан эс

Уулжан Бейшенбекова
Мындан ары Жеңиш чокусуна альпинисттер уруксатсыз чыга албайт

Коом

Мындан ары Жеңиш чокусуна альпинисттер уруксатсыз чыга албайт

Кыргызстандагы эң бийик Жеңиш чокусуна  чыгууну каалаган альпинисттер үчүн уруксат берүү системасы киргизилет. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдирди. Жаңы тартипке ылайык, эми ар бир альпинист чокуга чыгуудан мурда расмий уруксат алышы керек. Алгач мындай уруксаттар жогорку даярдыктагы 20га жакын альпинистке берилери пландалууда. Бул чечим 2025-жылы Жеңиш

Сапар Акунбеков
Балыкчыда жолдун ортосуна бетон төгүп кеткен факт боюнча чара көрүлдү

Коом

Балыкчыда жолдун ортосуна бетон төгүп кеткен факт боюнча чара көрүлдү

Балыкчы шаарынын Нарын шоссесинде "Дили" ЖЧКсына таандык бетон ташыган жүк ташуучу унаа 6-августта жолдун ортосуна бетон төгүп кеткен. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Окуядан кийин шаар мэриясы тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери төгүлгөн бетонду толугу менен тазалашты. Аталган мыйзам

Уулжан Бейшенбекова
Борбордогу "Аска-Таш" комплексинин аймагы көрктөндүрүлүүдө

Коом

Борбордогу "Аска-Таш" комплексинин аймагы көрктөндүрүлүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Фучик көчөсүндө жайгашкан "Аска-Таш" мемориалдык комплексиндеги фонтандарды оңдоо жана аймагын көрктөндүрүү иштери уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, аталган иштер Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына даярдык көрүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө. Долбоорго ылайык, фонтандар комплекстүү оңдолуп, ички жана тышкы инженердик

Айгерим Качкынбекова
Ала-Арчада суудан өтө албай калган туристтерге жардам көрсөтүштү

Коом

Ала-Арчада суудан өтө албай калган туристтерге жардам көрсөтүштү

6-августта саат 17:30 чамасында Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында Нидерланддын эки жараны аккан суудан өтө албай калышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, окуя тууралуу маалымат түшөрү менен парктагы "Эдельвейс" куткаруу кошуунунун кызматкерлери ыкчам жерине барып, туристтерди коопсуз аймакка чыгарышты. ӨКМ жарандарды жана туристтерди тоолуу аймактарга барганда

Уулжан Бейшенбекова
Бишкектеги №57 мектеп жаңы окуу жылына чейин толук оңдолот

Коом

Бишкектеги №57 мектеп жаңы окуу жылына чейин толук оңдолот

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Ленин районунда жайгашкан №57 муниципалдык орто жалпы билим берүү мектебинин имаратында капиталдык оңдоо иштери уланууда. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, мектептин имараты 1962-жылы курулуп, 920 окуучуга ылайыкталган. Пайдаланууга берилгенден бери имаратта биринчи жолу капиталдык оңдоо жүргүзүлүүдө. 2025-2026-окуу жылында мектепте 1682 окуучу билим

Айгерим Качкынбекова
Араванда кичи ГЭСтин курулушунда мыйзам талаптары сакталган эмес

Коом

Араванда кичи ГЭСтин курулушунда мыйзам талаптары сакталган эмес

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объектилерине туруктуу көзөмөл жүргүзүүдө. Министрликтин маалыматына ылайык, көзөмөл иш-чараларынын алкагында Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Кичи-Алай айылындагы Турук дарыясында курулуп жаткан кичи ГЭСтин курулушунда мыйзам бузуу фактылары

Айгерим Качкынбекова
Маданият министрлиги жарандарды “Таш-Рабат” комплексине барбай турууга чакырат

Коом

Маданият министрлиги жарандарды “Таш-Рабат” комплексине барбай турууга чакырат

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги “Таш-Рабат” тарыхый-архитектуралык комплексинин аймагында жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу жарандарга, туристтерге, туризм тармагынын өкүлдөрүнө жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуу кылды. Учурда комплекстин аймагында 2023–2027-жылдарга карата “Көөнө тарых сырлары” мамлекеттик программасынын алкагында комплекстүү оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты

Сапар Акунбеков
Таласта Сот адилеттик үйүнүн курулушуна мезгил кутусу салынды

Коом

Таласта Сот адилеттик үйүнүн курулушуна мезгил кутусу салынды

Талас шаарында жаңы Сот адилеттик үйүнүн курулушуна мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Талас облустук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов, ошондой эле

Уулжан Бейшенбекова