Коом

Ошто уруксатсыз курулуп жаткан объекттин иши токтотулду

Коом

Ошто уруксатсыз курулуп жаткан объекттин иши токтотулду

Ош шаарында архитектуралык-уруксат берүүчү документтери жок курулуп жаткан объект аныкталып, курулуш иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы аймактагы курулуш объектилерине жүргүзүлгөн кезектеги текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуу фактысын аныктады. Министрликтин маалыматына ылайык,

Айгерим Качкынбекова
Токмок шаарына 10 жаңы автобус сатылып алынды

Коом

Токмок шаарына 10 жаңы автобус сатылып алынды

Токмок шаарына 10 жаңы автобус алынып келди. Бул тууралуу Токмок шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен Токмокко 10 автобус тапшырылды. Жаңы автобустар үчүн маршруттук каттамдар чийилди.  Автобустун жол кире акысы 25 сомду түзөт. Автобустар ар 15 мүнөт сайын каттайт. Кыргызстандын экономика,

Сапар Акунбеков
Россиядагы 194 кыргыз жаранына төлөнбөй келген эмгек акысы өндүрүлүп берилди

Коом

Россиядагы 194 кыргыз жаранына төлөнбөй келген эмгек акысы өндүрүлүп берилди

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин РФгы Өкүлчүлүгү Кыргызстандын жарандарынын эмгек жана социалдык укуктарын коргоо боюнча системалуу иштерди улантып, алардын Россиянын аймагындагы эмгек ишмердүүлүгүнө жана жүрүүсүнө байланышкан маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүдө. Министрликтин басма сөз кызматы, 2026-жылдын башынан бери өкулчүлүк тарабынан 194 жаранга мурда төлөнбөй калган эмгек акысы өндүрүлүп

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго капиталдык оңдоодон өтүүдө

Коом

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго капиталдык оңдоодон өтүүдө

Каракол шаарындагы Т. Сатылганов атындагы кыздар жана балдар мектеп-интернаты толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоордун жалпы сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Учурда объектте капиталдык оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Имараттын

Айгерим Качкынбекова
Автобус башкарган дагы бир айдоочу жумуштан бошотулду

Коом

Автобус башкарган дагы бир айдоочу жумуштан бошотулду

Социалдык тармактарга тараган видеого байланыштуу, Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, окуянын жагдайын видеокөзөмөл аркылуу текшерип, айдоочуга карата чара көрүү чечимин кабыл алган. Башкармалыктын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында, Бишкек шаарындагы №36-каттамдын айдоочусу жөө өтмөктөн өтүп жаткан кезде жөө жүргүнчүгө жол бербей, жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы аныкталган.  Ушуга байланыштуу,

Ишкер Media
Чоң-Алайда курулуш эрежелерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Коом

Чоң-Алайда курулуш эрежелерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Чоң-Алай районунда Социалдык фонддун имаратынын курулушунда курулуш ченемдери менен техникалык талаптардын бузулушу аныкталып, подрядчы компанияга 200 миң сом айып пул салынды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объектилерин көзөмөлдөө иштерин улантууда. Министрликтин маалыматына ылайык, Чоң-Алай

Айгерим Качкынбекова
Дыйкандарга 81 сомдон күйүүчү май берилди

Коом

Дыйкандарга 81 сомдон күйүүчү май берилди

Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы тескемесине ылайык, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо максатында жеңилдетилген баада дизелдик отун менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, аталган тескемеге ылайык, республика боюнча жалпы 7 000 000 литр дизелдик отун 1 литри 81 сомдон бөлүнгөн. 23-июлга карата республика боюнча

Сапар Акунбеков
Шопоков шаарына жаңы сейил бак курулат

Коом

Шопоков шаарына жаңы сейил бак курулат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Шопоков шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан аймакка жаңы сейил бак куруунун эскиздик долбоору иштелип чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор шаар тургундары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөө мейкиндигин

Сапар Акунбеков
Ошто бала бакчанын аймагына курулуп калган мыйзамсыз объектилер алынды

Коом

Ошто бала бакчанын аймагына курулуп калган мыйзамсыз объектилер алынды

Ош шаарындагы Уркуя Салиева көчөсүндө жайгашкан “Таң шооласы” бала бакчасынын аймагы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бала бакчанын аймагына курулуп калган эски жана мыйзамсыз объектилер бузулуп, учурда аймак курулуш таштандыларынан тазаланууда. Аталган иштер балдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүп

Уулжан Бейшенбекова
Жаратылыш парктарында накталай эмес төлөм системасы ишке кирди

Коом

Жаратылыш парктарында накталай эмес төлөм системасы ишке кирди

Кыргызстандагы үч өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагында автоматташтырылган өткөрмө пункттары орнотулуп, эс алуучулар үчүн накталай эмес төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын санариптештирүү жана натыйжалуу башкаруу максатында жаңы автоматташтырылган өткөрмө пункттарын орнотту. Министрликтин маалыматына ылайык, мындай өткөрмө пункттары "Кыргыз-Ата"

Айгерим Качкынбекова
Ак-Бата конушундагы 650 орундуу мектептин курулушу 70%га аяктады

Коом

Ак-Бата конушундагы 650 орундуу мектептин курулушу 70%га аяктады

Бишкек шаарынын Ак-Бата конушунда курулуп жаткан 650 орундуу жаңы мектептин курулуш иштеринин 70%ы бүткөрүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Бишкек шаарынын Ак-Бата конушунда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан 650 орундуу жаңы мектеп курулууда. Министрликтин маалыматына ылайык, мектептин курулушу 2026-жылдын март айында башталган.

Айгерим Качкынбекова
Ысык-Көлдүн жээгине таштанды таштаган ишканага айып пул салынды

Коом

Ысык-Көлдүн жээгине таштанды таштаган ишканага айып пул салынды

Буга чейин интернет булактарында Ысык-Көлдүн пляждык аймагындагы белгиленбеген жерге таштанды төгүлгөндүгү тууралуу маалымат тараган. Аталган факты боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан ыкчам текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында интернет булактарында тараган маалымат тастыкталган. Жыйынтыгында Григорьевка-Пристань айылына

Сапар Акунбеков