Кызыктуу
Улгайган аялдын алдамчыларга алдынышына полиция кызматкери бөгөт койду
Казакстандын Петропавловск шаарында полиция кызматкери 69 жаштагы пенсионер аялдын 2,7 млн теңгесин алдамчыларга которуп жиберишине бөгөт койду. Бул тууралуу 24KZ маалымдады. Билдирүүгө караганда, алдамчылар аялга алгач телефон чалып, өздөрүн домофон орнотуучу компаниянын кызматкерлери катары тааныштырышкан. Алар жабдуулар алмаштырылгандыктан, подъездге кирүү үчүн электрондук ачкычы иштебей калганын айтып, аны калыбына келтирүү