Коом
Кыргызстанда соттолгондорго көзөмөл жүргүзүүчү санариптик система киргизилет
Юстиция министрлиги соттолгондорду көзөмөлдөө үчүн (пробация системасынын алкагында) комплекстүү мониторинг системасын сынактан өткөрүүдө. Бул система заманбап санариптик каражаттарды бириктирген программалык камсыздоого негизделген бирдиктүү экосистема болуп саналат. Программалык камсыздоо Юстиция министрлигинин ички серверлеринде иштейт, бул маалыматтардын коопсуздугун камсыздап, үчүнчү тараптардын кирүүсүн жокко чыгарат. Өз алдынча иштелип чыккан система колдонуу менен иштин