Транспорт
Февралдын ортосунан баштап мамлекет көзөмөлдөгөн автомектептер гана иштейт
Кыргызстанда айдоочуларды даярдоо жана айдоочулук күбөлүк берүү системасы толугу менен реформаланат. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы билдирүүсүндө айтты. Анын айтымында, акыркы жылдары жол кырсыктары көбөйүп, адам өлүмү арткан. Бул көрүнүш айдоочуларды даярдоодо көп жылдар бою көз жумуп келген системанын натыйжасы болуп саналат. Айрым жеке автомектептерде айдоочулук