Экономика
“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында үч реформа ишке ашты
Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Өкмөттүк акселераторлор” 100 күндүк программасынын алкагында ишке ашырылган үч реформанын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 2026-жылдын 18-майында аталган программанын алкагында социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган 3 реформа демилгеленген. Биринчи реформа эмгек мигранттарынын мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.