Коом
Ноокенде 90,6 млн сомго курулган жаңы мектеп окуучуларды кабыл алат
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кыргызстан айылында 150 орундуу мектептин курулушу толугу менен аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мектептин курулушу 2024-жылы июлда башталган. Долбоордун жалпы наркы 90,6 миллион сомду түзүп, республикалык казынадан каржыланган. Жалпы аянты 1 281 чарчы