Экономика
Кыргызстанда этти ортомчусуз сатуу үчүн 100 соода түйүнү ачылат
Кыргызстанда этти ортомчусуз түз сатуу үчүн 100 соода түйүнүн ачуу пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, бул чара азык-түлүк рыногунда бааларды турукташтыруу боюнча даярдалган 2026-2027-жылдарга карата пландын долбоорунда каралган. "Соода түйүндөрү “Кыргыз Агрохолдинг” ААК тарабынан ачылып, этти өндүрүүчүлөрдөн керектөөчүлөргө