Коом
Ызар айылында өрттөн зыянга учураган үй үчүн 45 миң 728 сом берилди
Ала-Бука районунда өрт кырсыгынан турак жайы зыянга учураган жаранга мамлекеттик камсыздандыруу боюнча кенемте төлөндү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 21-июлда Ызар айылынын тургуну Жолборс Назаралиевдин үйүндө өрт чыккан. Алардын турак жайы алдын ала табигый кырсыктардан камсыздандырылгандыктан, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму үй ээсине 45 миң 728 сом