Экономика
Кыргызстанда BARS бренди менен электромобилдер чыгарыла баштайт
Кыргызстанда BARS улуттук бренди менен электр кыймылдаткычында иштеген автоунааларды чыгаруу пландалууда. Учурда автомобиль өнөр жай кластерин түзүү боюнча долбоордун даярдыгы 75%га жетти. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Долбоордун алкагында жеңил, коммерциялык жана атайын багыттагы электр унааларын өндүрүү жана чогултуу каралган. Алгач өндүрүш ири түйүндүү чогултуу ыкмасы менен