Банктар
Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү