Коом
Баткенде социалдык контракт алган жарандардын ишмердүүлүгү текшерилди
Баткен районунда мамлекет тарабынан берилген социалдык контракттардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, район акиминин орун басары Сүйүнбай Сатыбалдиев социалдык контракттын негизинде колдоо алган жарандардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мониторинг учурунда 100 миң жана 150 миң сом өлчөмүндө каражат алган үй-бүлөлөрдүн учурдагы иштери каралды.