Коом
Кыргызстандын коргоо министри Пекинде Кытайдын коргоо министри менен жолугушту
Пекин шаарында өтүп жаткан 13-Пекин Сяньшань форумунун алкагында Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар коргонуу жаатындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты. Ошондой эле аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу