Коом
Айрым аймактарда юридикалык өкүлдөрдүн талаптарын убактылуу жеңилдетүү сунушталууда
Юстиция министрлиги айрым административдик-аймактык бирдиктерде юридикалык өкүлдөргө коюлуучу квалификациялык талаптардан убактылуу өзгөчөлүктөрдү колдонуу тартибин киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү буйруктун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоор калкка юридикалык жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ага ылайык, айрым аймактарда адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн жетишсиздиги, калктуу конуштардын алыстыгы, транспорттук жеткиликтүүлүктүн төмөндүгү жана башка о