Коом
Прокурорлор экологиялык талаштарды кароо жана чечүү боюнча окуудан өттү
12-августта жана 14-августта Бишкек жана Ош шаарларында прокуратура кызматкерлери үчүн "Экологиялык талаштарды кароо жана чечүү" темасында тренингдер өткөрүлдү. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, окутууларга экологиялык прокуратуралардын, облустардын, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын кызматкерлери катышты. Иш-чаралар БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) колдоосу менен Судьялар ассоциациясы менен