Экономика
Президенттик администрацияда ишкерликке тоскоол болгон көйгөйлөр талкууланды
Күн мурун Президенттик администрацияда бизнес-ассоциациялардын жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти. Жолугушууну Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Торобаев өткөрдү. Анда мамлекет менен бизнестин кызматташуусу жана ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосундагы диалогду жакшыртуу маселелери талкууланды. Бакыт Торобаев ишкерлердин өлкө экономикасын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын