Айгерим Качкынбекова

Бишкекте DSKA металл конструкцияларын чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Бизнес

Бишкекте DSKA металл конструкцияларын чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Бишкекте DSKA компаниясынын металл конструкцияларын жана ширетилген болот устундарын өндүрүүчү заводунун биринчи колоннасын орнотуу аземи болуп өттү. Жаңы ишкананын ишке кириши менен компаниянын өндүрүштүк кубаттуулугу үч эседен ашык көбөйөт. Ошондой эле завод өлкөдөгү ушул багыттагы эң ири өндүрүш объектилеринин бири болот. DSKA компаниясы Бишкекте жаңы металл конструкциялары заводунун курулушун баштады.

Кыргызстанда курулуштун көлөмү 1,6 эсеге көбөйдү

Экономика

Кыргызстанда курулуштун көлөмү 1,6 эсеге көбөйдү

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-май айларында курулуш тармагындагы иштердин көлөмү 1,6 эсеге көбөйдү. Ошондой эле дүң жана чекене соода жүгүртүүсү 10,4%, айыл чарба продукциясынын көлөмү 3,7% өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Ошол эле учурда, үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3,6% азайды

Экономика

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 3,6% азайды

Үстүбүздөгу жылдын январь–апрель айларында Кыргыз Республикасынын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 4 млрд 760,7 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,6%га төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Ошол эле учурда, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен болгон

Таласта мыйзамсыз иштеген май куюучу жайга 200 миң сом айып салынды

Коом

Таласта мыйзамсыз иштеген май куюучу жайга 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объектилерин көзөмөлдөө иштерин улантууда. Ведомстводон билдиришкендей, жергиликтүү тургундардын арызынын негизинде Талас районуна караштуу Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү №388 жана №392 даректерде жайгашкан “Сардалбек” жана “Партнер Нефть” май куюучу жайларында пландан тышкары текшерүү

Бишкекте бир катар даректерде ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Коом

Бишкекте бир катар даректерде ысык суу убактылуу өчүрүлөт

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзүлүп жаткан капиталдык курулуш иштеринин алкагында жылуулук тармактарын кайра туташтыруу боюнча пландуу иштер аткарыларын маалымдайт. Ушуга байланыштуу бүгүн саат 09:00дөн 17:00гө чейин бир катар даректерде ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Чектөө төмөнкү даректердеги абоненттерге тиешелүү болот: * Панфилов көчөсү:

Бостериде курулуш талаптарын бузган компания 235 миң сом айыпка жыгылды

Коом

Бостериде курулуш талаптарын бузган компания 235 миң сом айыпка жыгылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан Бостери айылындагы курулуш объектилерине текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө Карагай курортунун курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Атап айтканда, темир-бетон конструкцияларын курууда бекитилген долбоордук чечимдер сакталбаганы жана дубал конструкцияларынын сапатына коюлган

"Кепилдик фонду" 10 жылда 21 миңден ашык кепилдик берди

Экономика

"Кепилдик фонду" 10 жылда 21 миңден ашык кепилдик берди

2025-жылдын 31-майына карата "Кепилдик фонд" ААКсы ишмердүүлүгү башталгандан бери ишкерлерге жалпы суммасы дээрлик 20 млрд сомду түзгөн 21 674 кепилдик берди. Анын натыйжасында өлкө экономикасына 61 млрд сомго жакын кредиттик каражат тартылды. Фонддун маалыматына ылайык, жалпы кепилдиктердин 61% айыл чарба тармагына туура келет. Фонддун колдоосу менен

Баткендеги алгачкы лаванда экофермасын негиздеген мугалимдин ийгилик баяны

Бизнес маек

Баткендеги алгачкы лаванда экофермасын негиздеген мугалимдин ийгилик баяны

Мындан үч жыл мурун кадамжайлык мугалим Гульмира Саматова Баткенде лаванда өстүрүүнү баштаганда, анын ийгиликке жетерине көптөр күмөн санашкан. Бүгүн болсо анын чарбасы Кыргызстандын түштүк аймагындагы алгачкы лаванда экофермасы катары таанылып, жаңы агробагыттын өнүгүшүнө жол ачууда. Жыпар жыттуу гүлдөр жайнаган талаа азыр түшүмдүн гана эмес, агротуризмдин да булагына айланып жаткан чагы.

Ортоазиялык кундузду мыйзамсыз аткандарга 20 миң сом айып салынат

Коом

Ортоазиялык кундузду мыйзамсыз аткандарга 20 миң сом айып салынат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөштү күчөтүп жатканын билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, өлкө аймагында жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана браконьерликке бөгөт коюу максатында туруктуу негизде рейддер жана текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жарандардан түшкөн маалыматтардын негизинде да мыйзам бузуулар аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Министрлик Кызыл китепке

Ысык-Атадагы мыйзамсыз таштанды жайы үчүн айыл өкмөткө айып салынды

Коом

Ысык-Атадагы мыйзамсыз таштанды жайы үчүн айыл өкмөткө айып салынды

Интернет булактарында жарыяланган мыйзамсыз таштанды төгүүчү жай тууралуу маалыматтын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, Нурманбет айыл өкмөтүнө 17 миң сом айып пул салынды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, сөз Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Нурманбет айыл аймагындагы Ысык-Ата курортуна жакын жерде жайгашкан мыйзамсыз таштанды төгүүчү жай

Президент мамлекеттик сыйлыктар боюнча жаңы өзгөртүүгө кол койду

Коом

Президент мамлекеттик сыйлыктар боюнча жаңы өзгөртүүгө кол койду

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө" жарлыкка өзгөртүү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы №78 жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия жөнүндө жобого киргизилди. Жаңы редакцияга ылайык, "

Аламүдүндө 459 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Коом

Аламүдүндө 459 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Аламүдүн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз менчикке берилип кеткен 32,6 гектар жайыт жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2011-жылы А.Сыдыков айыл аймагындагы 32,6 гектар жайыт жер мыйзам талаптарын бузуу менен жайыт категориясынан башка категорияга которулуп, аукцион өткөрүлбөстөн жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Прокурордук