Айгерим Качкынбекова

ӨКМ: Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу сакталууда

Коом

ӨКМ: Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу сакталууда

9-июндан 12-июнга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, аталган мезгил аралыгында дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. ӨКМ жарандарды аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу берилген маалыматтарды эске

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор улантылат

Экономика

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор улантылат

Экономика жана коммерция министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), Россия–ПРООН Трасттык фондунун мониторингдик миссиясы жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте кызматташуунун жыйынтыктарын талкуулап, мындан аркы биргелешкен иштердин негизги багыттарын аныктады. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда өлкөнүн аймактык өнүгүүсү, аймактарды мастер-пландоо, инвестицияларды тартуу жана экономикалык өсүштү камсыздоо маселелерине

Бир жума ичинде 25 миңге жакын жол эрежесин бузуу аныкталды

Транспорт

Бир жума ичинде 25 миңге жакын жол эрежесин бузуу аныкталды

Кыргызстандын аймагында бир жуманын ичинде 24 миң 985 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 29-майдан 4-июнга чейинки аралыкта жүргүзүлгөн көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө ар түрдүү мүнөздөгү жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган. Алардын ичинен: * тийиштүү документтери

Жаратылыш парктарын модернизациялоого 80 млн сом жумшалат

Коом

Жаратылыш парктарын модернизациялоого 80 млн сом жумшалат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы инфраструктураны жакшыртуу максатында “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы менен келишимге кол койду. Долбоордун жалпы наркы 80 миллион сомго жакын каражатты түзөт. Келишимдин алкагында Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунда жана Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркында заманбап өткөрүү пункттары курулат. Ошондой эле өлкөдөгү

Президентке Ош шаарынын өнүктүрүү долбоорлору тааныштырылды

Саясат

Президентке Ош шаарынын өнүктүрүү долбоорлору тааныштырылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусуна болгон кыска мөөнөттүү иш сапарынын алкагында Ош шаарын өнүктүрүүгө багытталган бир катар ири инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлор менен таанышты. Мамлекет башчысына шаар чөйрөсүн модернизациялоого, калктын жашоо шартын жакшыртууга жана инвестициялык жагымдуулукту арттырууга багытталган пландар сунушталды. Долбоорлордун арасында аянты 22 миң чарчы метрден ашкан жана

Илбирсти аткандарга 2 млн сом айып пул салынат

Коом

Илбирсти аткандарга 2 млн сом айып пул салынат

Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жапайы жаныбарларды жок кылгандарга ири өлчөмдөгү айып пулдар каралган. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан жаратылышты коргоо багытындагы көзөмөл күчөтүлүп, мыйзам бузууларды аныктоо боюнча рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Министрликтин маалыматына ылайык, сейрек кездешүүчү жаныбарларды аткандар төмөнкү өлчөмдөгү айыптарды төлөшөт: • Илбирс үчүн — 2 000 000 сом;

Сокулукта мыйзамсыз газ саткан 3 объект аныкталды

Коом

Сокулукта мыйзамсыз газ саткан 3 объект аныкталды

Чүй облусунун Сокулук районунда суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу жана газ куюу учурунда коопсуздук талаптарын одоно бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында жалпысынан үч мыйзамсыз соода түйүнү аныкталган. Алардын экөөнө калктуу конуштардын аймагында жайгаштырылган автоцистерналарды коопсуздук талаптарына

Ошто 543 батирлүү “Асман Резиденс №1” комплекси пайдаланууга берилди

Коом

Ошто 543 батирлүү “Асман Резиденс №1” комплекси пайдаланууга берилди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган “Асман Резиденс №1” турак жай комплексин жана онлайн форматта Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы жаңы турак жай комплексин ачты. Салтанаттуу иш-чарада мамлекет башчысы жарандарды жаңы турак жайлуу болушу менен куттуктап, өлкөдө калкты жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай

Нурдан Орунтаев “Royal Central Park” комплексинин курулушун текшерди

Коом

Нурдан Орунтаев “Royal Central Park” комплексинин курулушун текшерди

Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында курулуп жаткан “Royal Central Park” көп функционалдуу турак жай комплексине барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министрге долбоордун учурдагы абалы, аткарылып жаткан иштер жана курулуштун кийинки этаптары тууралуу кеңири маалымат берилди. Бүгүнкү

Өзгөндө суткасына 5 тонна күрүч таңгактай турган логистикалык борбор ачылды

Экономика

Өзгөндө суткасына 5 тонна күрүч таңгактай турган логистикалык борбор ачылды

Өзгөн районунда күрүчтү кайра иштетүү жана таңгактоо боюнча заманбап логистикалык борбор ачылып, пайдаланууга берилди. Долбоор жергиликтүү дыйкандардын өндүргөн продукциясынын сапатын жогорулатууга жана анын рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, логистикалык борбордун курулушу 2025-жылдын август айында башталган. Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 14 млн

Кара-Сууда 225 үй-бүлөгө ипотекалык батирлер тапшырылды

Коом

Кара-Сууда 225 үй-бүлөгө ипотекалык батирлер тапшырылды

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жайгашкан "Мурас" шаарчасында алгачкы ипотекалык батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага Президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышты. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, бул этапта беш кабаттуу беш блок үй пайдаланууга берилип, жалпысынан 225 батир өз ээлерине тапшырылды.

"Ак-Тилек" постунда талаптарга жооп бербеген жүк артка кайтарылды

Коом

"Ак-Тилек" постунда талаптарга жооп бербеген жүк артка кайтарылды

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы тарабынан кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкан "Ак-Тилек" фитосанитардык текшерүү постунда фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. 8-июнда Россия Федерациясынан ташылып келе жаткан 35 м³ пиломатериалдарды текшерүү учурунда фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтар товарды