Айгерим Качкынбекова

Ысык-Көлдө сел эки адамды басып калды: бир адамдын сөөгү табылды

Коом

Ысык-Көлдө сел эки адамды басып калды: бир адамдын сөөгү табылды

5-июнь күнү саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен тоо боору урап түшүп, сел сууларына кошулган баткак массасы (оплывина) Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымын каптады. Натыйжада эки жеңил унаа — Mercedes Sprinter жана Ford Mondeo ылай алдында калып, алардын ичинде болгон эки адамды сел агызып кеткен. Окуя болгон

Бишкекте эки жер үстүндөгү жөө өтмөк техникалык пайдаланууга берилди

Коом

Бишкекте эки жер үстүндөгү жөө өтмөк техникалык пайдаланууга берилди

Күн мурун Бишкек шаарында эки жаңы жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн техникалык ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жаңы объекттердин бири Жибек Жолу проспектисинде, Аламүдүн базарынын аймагында жайгашса, экинчиси 7-Апрель көчөсүндө курулган. Көпүрөлөр жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун жогорулатуу максатында заманбап талаптарга ылайык жабдылган. Аларда майыптыгы бар

Баткенде “Герой” БСРи пайдаланууга берилди

Коом

Баткенде “Герой” БСРи пайдаланууга берилди

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айылында капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн “Герой” суткалык жөнгө салуу бассейни (БСР) пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бассейндин көлөмү 120 миң м³ болуп, ал Молдо Нияз айыл аймагынын Кыргыз-Кыштак айылындагы 1500 гектар

Чүйдө жайыттарды тебелегендерге 38,5 миң сом айып салынды

Коом

Чүйдө жайыттарды тебелегендерге 38,5 миң сом айып салынды

Чүй облусунун Кашка-Суу айылындагы Ак-Таш жайытында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө жайыттарды жана жаратылыш аймактарын бузган жарандарга жалпы 38 миң 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы

Бишкекте аэропортко альтернативдүү жол куруу пландалууда

Транспорт

Бишкекте аэропортко альтернативдүү жол куруу пландалууда

Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте Бишкек шаарындагы стратегиялык мааниге ээ инфраструктуралык объектилер боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө “Манас” эл аралык аэропортуна алып баруучу альтернативдүү автомобиль жолун куруу маселеси каралды. Долбоор борбор калаа менен аэропорттун

Таластагы мектеп курулушунан 4,2 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Коом

Таластагы мектеп курулушунан 4,2 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Талас облусунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Айтматов районундагы Айтбаев атындагы орто мектептин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери аткарылбаган курулуш иштерин мыйзамсыз кабыл алып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен. Натыйжада подряддык уюмга негизсиз түрдө 4 миллион 200 миң

Айыл чарба тармагын санариптештирүү маселелери талкууланды

Коом

Айыл чарба тармагын санариптештирүү маселелери талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде агрардык секторду санариптик трансформациялоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Жыйын министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун төрагалыгы алдында өтүп, ага министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ведомстволук мекемелердин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Кеңешменин жүрүшүндө санариптик платформаларды

Ала-Букада 98 млн сомго жаңы мектеп курулду

Коом

Ала-Букада 98 млн сомго жаңы мектеп курулду

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылында 275 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Билим берүү мекемесинин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 98 миллион сомду түздү. Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 1246 чарчы метрди түзөт. Анда окуучулардын сапаттуу билим алышы үчүн

Кыргызстандык тигүүчүлөр үчүн экспорттук талаптар түшүндүрүлдү

Экономика

Кыргызстандык тигүүчүлөр үчүн экспорттук талаптар түшүндүрүлдү

Экономика жана коммерция министрлигинде жеңил өнөр жай продукцияларын экспорттоо жана алардын техникалык талаптарга шайкештигин камсыздоо маселелери боюнча кеңешме өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жыйындын негизги темасы "Жеңил өнөр жай продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" Бажы бирлигинин техникалык регламентинин талаптарын практикалык колдонуу болду. Катышуучулар продукцияны маркалоо, декларациялоо жана сертификаттоо жол-жоболорун талкуулашты.

Азык-түлүк баалары: Кыргызстанда кайсы товарлар кымбаттады?

Коом

Азык-түлүк баалары: Кыргызстанда кайсы товарлар кымбаттады?

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 28-майга карата Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы негизги азык-түлүк товарларынын бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү. Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда өткөн жумада сабиздин баасы 3%га жогорулап, эң көп кымбаттаган азык-түлүк болуп калды. Ошондой эле тазаланган күн карама майы, буудай

Садыр Жапаров Бишкекте “Элдик банктын” жаңы башкы кеңсесин ачты

Саясат

Садыр Жапаров Бишкекте “Элдик банктын” жаңы башкы кеңсесин ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында "Элдик банктын" жаңы башкы кеңсесинин ачылышына жана Кыргызстандагы аманат ишмердигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы алгач банктын жаңы имараты менен таанышып чыкты. Заманбап талаптарга ылайык курулган алты кабаттуу кеңседе кардарларды тейлөө зоналары, кызматкерлер үчүн жумуш орундар, эне жана

Ошто курулуп жаткан 17 мектептин бири пайдаланууга берилди

Коом

Ошто курулуп жаткан 17 мектептин бири пайдаланууга берилди

Ош шаарында жаңы 148 орундуу мектептин кошумча корпусу пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Бекмырза Эргешов, шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү тургундар жана мугалимдер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри Жанарбек Акаев балдардын сапаттуу билим алышы үчүн бардык шарттарды түзүү боюнча иштер улантылып жатканын белгиледи.