Коом
Ошто күн энергиясы менен иштеген көчө чырактары пайда болушу мүмкүн
Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев Кытай Эл Республикасынын жарыктандыруу тармагындагы компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууга шаар мэриясынын тышкы байланыштар, инвестиция жана туризм, социалдык өнүгүү, шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү катышты. Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө бир катар долбоорлорду