Салыктык текшерүүлөргө жасалма интеллект киргизилеби?
Кыргызстанда 2026-жылдан тартып салыктык текшерүүлөргө жасалма интеллект (ЖИ) киргизилерин "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинен билдиришти. Маалыматка ылайык, акыркы төрт жылдын ичинде мекеме салык отчетторунун бардык түрлөрүн санариптештирип, cabinet.salyk.kg платформасы жана Salyk мобилдик тиркемеси аркылуу аралыктан төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке киргизген. 2025-жылы иштеп чыгуучулар системага "Кезет&