Коом
Кыргызстан Кытайга 32 түр айыл чарба продукциясын экспорттой алат
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кытайга продукция экспорттоого кызыккан ата мекендик өндүрүүчүлөргө жана экспорттоочуларга маалымат берип, колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык кызматташуусу кеңейип жаткан шартта өлкө КЭР рыногуна экспортту жандандыруу боюнча системалуу иштерди жүргүзүүдө. Бул иштерге уруксат