Бизнес
ЧОИ-2030: Караколдо туризм жана ишкерликти колдоо маселелери көтөрүлдү
22-январда Каракол шаарында 2030-жылга чейинки чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү программасынын (ЧОИ-2030) долбоору боюнча көчмө эксперттик жыйын өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйынга Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын эксперттери жана Ысык-Көл облусунун ишкерлери катышты. Аймактык өзгөчөлүктөр эске алынып, туризм тармагын