Экономика
Келерки жылы Англияда 250 миң адам ишсиз калышы ыктымал
2027-жылдын ортосуна чейин 250 миң британиялык жумушсуз калышы мүмкүн экенин The Guardian гезити жарыялаган. Алдыңкы аудитордук Ernst & Young жана Deloitte фирмалары жүргүзгөн эки изилдөөдө мындай учурга Жакынкы Чыгыштагы кырдаал таасир тийгизиши мүмкүн экендигин белгилешүүдө. Жумушсуздуктун деңгээли 2027-жылдын ортосуна чейин 5,8%га чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Учурда көрсөткүч 5,2%