Бизнес маек
Бизнести масштабдаштыруунун жакшы жолу — бул франшиза — Нарындагы бир фаст-фуд түйүнүн бүт Кыргызстанга жайылткан Толкун Молдокматовдун баяны
ИШКЕР MEDIA ЖИА менен биргеликте чакан жана орто бизнес ээлери тууралуу баяндарын улантат. Бул жолу Нарындагы бир тез татым жайын өндүрүшкө айлантып, республиканын бардык аймактарына франшиза саткан Saffran Natural Food ЖАКтын негиздөөчүсү Толкунбек Молдокматовду маекке тарттык. — Кантип тамак-аш тармагындагы бизнеске келип калдыңыз? — 36 жаштамын, эки баланын атасымын. Биринчи ишмердүүлүгүмдү Нарында