Уулжан Бейшенбекова

Сузакта кытайлык жарандар жашаган үйдө экологиялык мыйзам бузуулар катталды

Коом

Сузакта кытайлык жарандар жашаган үйдө экологиялык мыйзам бузуулар катталды

Барпы айыл аймагындагы Чангет-Сай айылында экологиялык абал боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, А. Нышанбаев көчөсүндө убактылуу жашап жаткан кытайлык жарандар пайдаланган турак үйдөн чыккан саркынды суулар арыкка агызылып жатканы аныкталды. Турак жайдын ээсине экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн

Уулжан Бейшенбекова
Сузак жана Өзгөндө 742 гектар жердин көчөт отургузууга ылайыктуулугу бааланат

Коом

Сузак жана Өзгөндө 742 гектар жердин көчөт отургузууга ылайыктуулугу бааланат

Сузак жана Өзгөн райондорундагы 2027-жылы токой жана мөмө-жемиш көчөттөрү отургузула турчу аймактарга социалдык-экологиялык скрининг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, иштер БУУнун Жашыл климаттык фонддун каржылоосундагы CS-FOR долбоорунун алкагында ишке ашырылып, жалпысынан 742,82 гектар жер алдын

Уулжан Бейшенбекова
Ала-Бука райондук сотунун жаңы имараты 43,9 млн сомго курулду

Коом

Ала-Бука райондук сотунун жаңы имараты 43,9 млн сомго курулду

Ала-Бука райондук сотунун жаңыдан курулган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жалал-Абаддын облустук сотунан билдиришти. Маалыматка ылайык, эки кабаттан турган имараттын курулушу 2023-жылы башталган. Долбоордун сметалык баасы 54 млн 965 миң 454 сомду түзүп, тендердин жыйынтыгында "СК Универсал" ЖЧКсы курулуш иштерин 43 млн 893 миң 178

Уулжан Бейшенбекова
Аравандагы газоблок заводу толук ишке кирсе, казынага жылына 200 млн сом түшөт

Экономика

Аравандагы газоблок заводу толук ишке кирсе, казынага жылына 200 млн сом түшөт

Достук айылында 1 млрд сомдук "Араван Газоблок" заводунун курулушу жүрүүдө. Ишкана ишке берилгенден кийин 70 жумуш орду түзүлөт. Бул тууралуу Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор 4,82 гектар аянтты камтыйт. Завод жылына 300 миң куб метр газоблок өндүрүүгө ылайыкталат. Белгиленгендей, долбоордун өзгөчөлүгү өндүрүшкө

Уулжан Бейшенбекова
Ат-Башыдагы айылдарга күндөн энергия алган чырактар орнотулуп жатат

Энергетика

Ат-Башыдагы айылдарга күндөн энергия алган чырактар орнотулуп жатат

Ат-Башы районунда жолдорду жана айылдардын ички көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн күн энергиясы менен иштеген чырактар орнотулууда. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, облус башчысы Нурбек Сатаров Ат-Башы–Ача-Кайыңды унаа жолунун 3,5 чакырым аралыгына райондук өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен орнотулган күн чырактарынын абалын көрдү. Мындан тышкары, "

Уулжан Бейшенбекова
Кыргыз-кытай аймактар аралык кызматташтыгын кеңейтүү макулдашылды

Саясат

Кыргыз-кытай аймактар аралык кызматташтыгын кеңейтүү макулдашылды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кытайдын калаадагы Башкы консулу Лю Минчэни кабыл алып, кыргыз-кытай мамилелерин жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык жана туристтик багыттардагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Жанарбек Акаев кытайлык инвесторлордун Ош шаарына кызыгуусу

Уулжан Бейшенбекова
Жалал-Абадда кайырчылык кылган 50дөй адам кармалып, жашаган аймагына жөнөтүлдү

Коом

Жалал-Абадда кайырчылык кылган 50дөй адам кармалып, жашаган аймагына жөнөтүлдү

Манас шаарында кайырчылык менен алектенген адамдарды аныктоо жана алдын алуу максатында "Селсаяк тилемчи" аталышындагы рейд өттү. Анын жүрүшүндө 50дөн ашуун адам аныкталып, айрымдарына айып пул салынды. Манас шаарынын мэриясынан билдиришкендей, шаар көчөлөрү, базарлар, жер алдындагы жана жер үстүндөгү өтмөктөр, ошондой эле лөлү коомчулугунун өкүлдөрү жашаган үйлөр текшерилди. Жыйынтыгында

Уулжан Бейшенбекова
Кара-Алмадагы эс алуу жайларында экологиялык талаптар бузулганы аныкталды

Коом

Кара-Алмадагы эс алуу жайларында экологиялык талаптар бузулганы аныкталды

Кара-Алма айылындагы эс алуу жайларында экологиялык талаптардын бузулушу аныкталып, эки жайдын жооптуу өкүлдөрүнө жалпы 15 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, башкармалыктын кызматкерлери эс алуу жайларында экологиялык талаптардын сакталышын текшерүү үчүн рейд өткөрүшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө "Чарпая" эс

Уулжан Бейшенбекова
Үч-Коргон ГЭСинде төрт агрегаттын тең жабдуулары жаңыртылат

Энергетика

Үч-Коргон ГЭСинде төрт агрегаттын тең жабдуулары жаңыртылат

Үч-Коргон ГЭСинде станциянын негизги жабдууларын жаңыртуу жана белгиленген кубаттуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жаткан жаңылоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда №1 жана №2 гидроагрегаттарды жаңыртуу иштери жүрүп жатат. Аларды 2026-жылдын аягына чейин жаңылап бүтүшөт. Бардык иштер аяктагандан кийин Үч-Коргон ГЭСинин

Уулжан Бейшенбекова
Баткенде Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен жаран изделип жатат

Коом

Баткенде Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен жаран изделип жатат

Баткен районунда Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен 48 жаштагы эркек кишини издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Алдын ала маалыматка ылайык, 10-августта саат 18:00 чамасында Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Кара айылынын Кожешкен жерлигинде 48 жаштагы

Уулжан Бейшенбекова
Базар-Коргондо 3,3 чакырым канал тазаланып, Каба айылына суу берилди

Коом

Базар-Коргондо 3,3 чакырым канал тазаланып, Каба айылына суу берилди

Каба айылындагы сугат суу маселесин чечүү максатында Шабдан-Арык каналында 3,3 чакырым аралыкта механикалык тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган маселе президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин жергиликтүү тургундар менен жолугушуусунда көтөрүлгөн. Жыйынтыгында Шабдан-Арык каналын тазалап,

Уулжан Бейшенбекова
Манас шаарында өспүрүмдөрдүн иштөөсүнө көзөмөл күчөтүлдү

Коом

Манас шаарында өспүрүмдөрдүн иштөөсүнө көзөмөл күчөтүлдү

Манас шаарында өспүрүмдөрдүн эмгекке мыйзамсыз тартылышын алдын алуу максатында "Эмгек–өспүрүм" аталышындагы рейд өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, устаканалар, кафе-ашканалар, базарлар жана башка соода-тейлөө жайлары текшерилип, жашы жете элек балдардын эмгекке тартылышы көзөмөлдөнүүдө. Мындан тышкары, өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери менен

Уулжан Бейшенбекова