Уулжан Бейшенбекова

Дүйнөлүк мааниге ээ Мадыген аймагына арналган эл аралык иш-чара өтүп жатат

Коом

Дүйнөлүк мааниге ээ Мадыген аймагына арналган эл аралык иш-чара өтүп жатат

11-августта Баткен облусунда "Мадыген: дүйнөлүк маанидеги палеонтологиялык кенч" аттуу эл аралык талаа симпозиуму өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, симпозиумда Мадыгендин дүйнөлүк палеонтологиядагы орду, аймактын уникалдуу табигый мурасын сактоо жана эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланууда. Симпозиумга Баткен облусунун жетекчилигинин, мамлекеттик мекемелердин

Уулжан Бейшенбекова
Автобустун айдоочусу эки өспүрүмдү сүзүп алган жол кырсыгы иликтенүүдө

Коом

Автобустун айдоочусу эки өспүрүмдү сүзүп алган жол кырсыгы иликтенүүдө

Борбор калаада 11-августта болжол менен саат 09:00дө Юлиус Фучик көчөсүндө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Алдын ала маалымат боюнча, №153 каттамдагы "Isuzu Citiport" автобусунун айдоочусу Фучик көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып, "Аска-Таш" комплексине жетпей, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара

Уулжан Бейшенбекова
Кадамжайдагы "Жаштык" кинотеатрында заманбап шарттар түзүлөт

Коом

Кадамжайдагы "Жаштык" кинотеатрында заманбап шарттар түзүлөт

Кадамжай шаарындагы "Жаштык" кинотеатрында оңдоп-түзөө жана жаңылоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу райондук мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, имаратты заманбап талаптарга ылайыкташтырылып, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Кадамжай районунун акими Болоткан Баяке уулу жергиликтүү адистер менен биргеликте иштердин сапатын жана аткарылышын текшерип, белгиленген мөөнөттө бүтүрүү боюнча

Уулжан Бейшенбекова
Таш-Көмүрдө 125 жаран коомдук иштерге катышып, эмгеги үчүн акы алды

Коом

Таш-Көмүрдө 125 жаран коомдук иштерге катышып, эмгеги үчүн акы алды

Таш-Көмүр шаарында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында "Акы төлөнүүчү коомдук иштер" долбоору боюнча сегиз демилге ишке ашырылды. "Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги" уюмунан билдиришкендей, долбоорго жумушсуз катары каттоодо турган 125 жаран катышып, шаардык инфраструктураны жана коомдук мейкиндиктерди жакшыртууга багытталган иштерди аткарышты. Катышуучулар мектептерде жана мектепке чейинки

Уулжан Бейшенбекова
Ноокатта Чили-Сай дарыясынын булганышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү

Коом

Ноокатта Чили-Сай дарыясынын булганышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү

Ноокатта Чили-Сай дарыясынын булганышы боюнча жеринде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу райондук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө суунун булганышынын себептери, дарыянын экологиялык абалы жана анын жергиликтүү тургундарга тийгизиши мүмкүн болгон таасири талкууланды. Район башчысы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана суу ресурстарынын тазалыгын сактоо маанилүү экенин белгилеп, тиешелүү кызматтарга бир

Уулжан Бейшенбекова
Борбордо коомдук жайларда мыйзамга ылайык тынчтыкты сактоо көзөмөлдөнүүдө

Коом

Борбордо коомдук жайларда мыйзамга ылайык тынчтыкты сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын төрт районунда "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар өттү. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, рейддин жүрүшүндө коомдук тамактануучу жайлар, курулуп жаткан бир катар объектилер жана футбол аянтчалары текшерилди. Алардын арасында "Сенатор", "Шахноза", "Flo Resto&Bar&

Уулжан Бейшенбекова
Фрунзе көчөсүнүн бир тилкесинде жол кыймылына чектөө киргизилди

Транспорт

Фрунзе көчөсүнүн бир тилкесинде жол кыймылына чектөө киргизилди

Бүгүнтөн тарта Фрунзе көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул иштер жолду жаңылоонун кезектеги баскычы. Буга чейин Фрунзе көчөсүнүн А. Сүйүмбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки тилкесинде оңдоо иштеринин негизги бөлүгү аяктап, жол кыймылы кайра жанданган. Белгиленгендей, жолдун эски асфальт-бетон

Уулжан Бейшенбекова
Ат-Башыда эс алуучу жайдан илбирс жана күрөң аюунун терилери табылды

Коом

Ат-Башыда эс алуучу жайдан илбирс жана күрөң аюунун терилери табылды

Ат-Башы районундагы жеке жаранга таандык эс алуучу жайдан Кызыл китепке кирген илбирс менен күрөң аюунун терилери табылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү текшерүү учурунда аталган фактты аныкташкан. Эс алуучу жайдын ээси терилер болжол менен 30 жыл мурда

Уулжан Бейшенбекова
Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери  тажрыйба алмашууну көздөшөт

Саясат

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери тажрыйба алмашууну көздөшөт

10-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. "Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн форумга эки өлкөнүн депутаттары, жаштар, адистер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгын белгилеп,

Уулжан Бейшенбекова
Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Коом

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткен районунда көп балалуу 70 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатта 36 энеге "Баатыр эне" ордени, ал эми 34 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акиминин орун

Уулжан Бейшенбекова
Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча брифинг өттү

Саясат

Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча брифинг өттү

10-августта Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө арналган эксперттик брифинг өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Иш-чарада ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун сунуштары, эл аралык стандарттар жана аларды ишке ашыруу механизмдери талкууланды. Анда шайлоонун ачык-айкындуулугун жогорулатуу, каржылык маслелер, санариптик технологияларды колдонуу

Уулжан Бейшенбекова
Манас шаарындагы бир катар бала бакчалар оңдолуп жатат

Коом

Манас шаарындагы бир катар бала бакчалар оңдолуп жатат

Манас шаарында бир катар мектепке чейинки билим берүү мекемелери оңдолуп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине республикалык казынадан каражат бөлүнгөн. Учурда №2 "Дружба" бала бакчасында терезе жана эшиктер алмаштырылып, ашканасы оңдолууда. Ал эми №12 "Жылмаюу" бала бакчасында жылытуу тутуму

Уулжан Бейшенбекова