Уулжан Бейшенбекова

Жогорку Кеңешке алты айда 980 млн сомдон ашык каражат сарпталды

Экономика

Жогорку Кеңешке алты айда 980 млн сомдон ашык каражат сарпталды

2026-жылдын январь-июнь айларында Жогорку Кеңеш 980,3 миллион сом чыгымдады. Бул бир жылга каралган 1,87 миллиард сомдун 52,4%ын түзөт. Маалыматтар "Ачык бюджет" порталында жарыяланды. Ага ылайык, парламенттин чыгымдарынын басымдуу бөлүгү кызматкерлердин эмгек акыларына багытталып, 838,8 млн сом жумшалган. Анын ичине айлык маяналар,

Уулжан Бейшенбекова
Аномалдуу ысыкта жумуш убактысы кыскартылабы? Министрликтин жообу

Коом

Аномалдуу ысыкта жумуш убактысы кыскартылабы? Министрликтин жообу

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөнүн Эмгек кодексинде абанын аномалдуу жогорку табына байланыштуу жумуш күнүн милдеттүү түрдө кыскартуу каралбаганын билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, мыйзам боюнча иш берүүчүлөр кызматкерлер үчүн коопсуз жана ден соолукка зыян келтирбеген эмгек шарттарын камсыз кылууга милдеттүү. Министрлик өзгөчө ысык күндөрү кызматкерлердин өмүрүн, ден соолугун жана

Уулжан Бейшенбекова
Токтогул суу сактагычынан 500 метрден ашык балык уулоочу торлор алынды

Коом

Токтогул суу сактагычынан 500 метрден ашык балык уулоочу торлор алынды

Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын аңчы-егерь адистери Токтогул суу сактагычын тазалоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейд учурунда суу сактагычтан жалпы узундугу 500 метрден ашык синтетикалык балык уулоочу торлор жана желим бөтөлкөлөр чогултулду. Мыйзамсыз колдонулган балык уулоочу торлор белгиленген тартипте жок

Уулжан Бейшенбекова
“Саймалуу-Ташта” петроглифтерге жетүүнү жеңилдеткен көпүрө курулду

Коом

“Саймалуу-Ташта” петроглифтерге жетүүнү жеңилдеткен көпүрө курулду

Жалал-Абад облусундагы “Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркынын Көк-Арт өрөөнүндө жаңы көпүрө курулуп бүттү. Мамлекеттик жаратылыш паркынан билдиришкендей, петроглифтер жайгашкан аймакка алып баруучу көпүрө көп жылдан бери көйгөй жаратып келген. Аталган объект парк тарабынан жаңыланып, туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Көпүрөнүн ачылыш аземине райондук мамлекеттик администрациянын башчысы

Уулжан Бейшенбекова
Италиялык компанияларга “Тамчы” атайын аймагынын мүмкүнчүлүктөрү сунушталды

Саясат

Италиялык компанияларга “Тамчы” атайын аймагынын мүмкүнчүлүктөрү сунушталды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Италиянын Тышкы соода агенттигинин президенти Маттео Зоппас жана айыл чарба техникаларын өндүрүүчүлөр федерациясынын президенти Мариятереза Маскио менен жолукту. Мекемеден билдиришкендей, жолугушууга ITA, FederUnacoma, Италиянын Казакстандагы элчилиги жана Кыргызстандагы Ардактуу консулдугунун өкүлдөрү катышты. Тараптар Кыргызстандын мамлекеттик инвестициялык саясатынын артыкчылыктуу багыттарын жана эки

Уулжан Бейшенбекова
Курулуш министрлиги: жемкорлукка каршы тандоодо 180 кызматкер добуш берди

Курулуш министрлиги: жемкорлукка каршы тандоодо 180 кызматкер добуш берди

Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгында жемкорлукка каршы “Чынчылдыкты тандоо” аталышындагы акция уюштурулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чаранын алкагында добуш берүү өтүп, ага 200гө жакын кызматкер катышты. Катышуучуларга жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалган эки окуянын бирин тандоо сунушталды. Биринчи окуяда чынчылдык, таза эмгек, санариптештирүү

Уулжан Бейшенбекова
Караколдун эки аймагындагы жапайы кара куурайлар жок кылынды

Коом

Караколдун эки аймагындагы жапайы кара куурайлар жок кылынды

Каракол шаарында жапайы кара куурайларды аныктоо жана жок кылуу боюнча кезектеги иш-чара Челпек аймагындагы тоо этектеринде жана Пристань конушунда уюштурулду. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Челпек аймагындагы тоо этектеринде болжол менен 25 сотых жерге жыш өскөн кара куурайлар аныкталган. Өсүмдүктөрдү аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери, мэриянын өкүлдөрү

Уулжан Бейшенбекова
Манас шаарында акылдуу технологияларды киргизүү маселесин талкуулашты

Коом

Манас шаарында акылдуу технологияларды киргизүү маселесин талкуулашты

Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов Project Vision AI компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, жасалма интеллектке негизделген мүмкүнчүлүктөр, анын инфратүзүмдү жакшыртуудагы артыкчылыктары тууралуу маалымат алды. Калаа мэриясынан билдиришкендей, жолугушууда акылдуу мамыларды шаар аймагына орнотуу, коомдук коопсуздукту күчөтүү жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери талкууланды. Компания өкүлдөрү Smart Pole системасы аркылуу

Уулжан Бейшенбекова
Ат-Башыда сел жүрүп, унаадагы жаран аман-эсен куткарылды

Коом

Ат-Башыда сел жүрүп, унаадагы жаран аман-эсен куткарылды

12-июлда саат 20:30 чамасында Ат-Башы районунда кыска мөөнөттө жааган нөшөрлүү жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, сел Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы сайда катталган. Сел суусуна агып кеткен унаадагы бир жаран куткаруучулар тарабынан аман-эсен чыгарылган.

Уулжан Бейшенбекова
Кыргызстан менен АКШ бажы кызматташтыгын күчөтүүнү көздөйт

Саясат

Кыргызстан менен АКШ бажы кызматташтыгын күчөтүүнү көздөйт

10-июлда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев менен Американын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери жолугушту. Бажы кызматы белгилегендей, жолугушууда тараптар мыйзамсыз жүк ташууга каршы күрөшүү, маалымат алмашуу, экспорттук көзөмөлдү күчөтүү жана бажы кызматтарынын ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүү маселелерине көңүл бурушту. Кыргыз тарап радиациялык көзөмөл каражаттарын жаңылоо, адистерди даярдоо жана заманбап

Уулжан Бейшенбекова
Дипломатиялык мекемелердин аткарган иштерине баа берилди

Саясат

Дипломатиялык мекемелердин аткарган иштерине баа берилди

10-июлда Тышкы иштер министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгына арналган жыйын өттү. Маалыматка ылайык, жыйында министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери аткарган иштер жана чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык мекемелердин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти. Министр Жээнбек Кулубаев дипломатиялык кызмат органдарынын жалпы ишине баа берип, Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги

Уулжан Бейшенбекова
Кыргызстан менен Италия агроөнөр жайды өнүктүрүү боюнча кызматташат

Саясат

Кыргызстан менен Италия агроөнөр жайды өнүктүрүү боюнча кызматташат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Италиянын айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөрүнүн улуттук федерациясы ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, документ заманбап агротехнологияларды жайылтуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана агроөнөр жай комплексин жаңылоого багытталган. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар

Уулжан Бейшенбекова