Коом
Анкарада Кыргызстандын курулуш долбоорлору тааныштырылды
Анкарада өтүп жаткан “Түркиянын курулуш саммити – 2026” эл аралык форумунда Кыргызстандын курулуш тармагын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Иш-чарага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев баштаган делегация катышууда. Министрликтин маалыматына ылайык, саммит курулуш тармагын өнүктүрүү, инновациялык технологияларды жайылтуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган