Коом
“Үй сатылат”: такталар үчүн бирдиктүү үлгү даярдалды
Бишкекте жеке турак жайларды сатуу боюнча жарыя такталары үчүн бирдиктүү дизайн иштелип чыкты. Бул тууралуу Шаар куруу жана архитектура департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы эскиздик долбоор шаардагы визуалдык тартипти камсыз кылуу жана бирдиктүү архитектуралык стилди калыптандыруу максатында даярдалган. Долбоор колдонуудагы дизайн-коддун талаптарына ылайык иштелип чыгып, шаар аймагында бирдиктүү үлгү