Коом
Таласта мыйзамсыз кум-шагыл казган ишканага 35 миң сом айып салынды
Талас облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казуу жана таштанды төгүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Талас регионалдык башкармалыгы жүргүзгөн рейд учурунда Айтматов районундагы "Гранит Транс Сервис" ишканасынын мыйзамсыз кум-шагыл казып жатканы аныкталган. Факт боюнча