акыркы жаңылыктар

ШКУ саммитине байланыштуу “Манас” аба майданында чектөө киргизилет

Транспорт

ШКУ саммитине байланыштуу “Манас” аба майданында чектөө киргизилет

“Манас” эл аралык аба майданы 31-августта жана 1-сентябрда ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу өзгөчө режимде иштейт. “Кыргызстан аэропорттору” ААК маалымдагандай, күндүз үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын кабыл алуу жана жөнөтүү убактылуу чектелет. Маалыматка ылайык, 31-августта чектөө саат 09:00дөн 20:00гө чейин күчүндө болот. Бул убакта аба

Сапар Акунбеков
Орто-Токой ГЭСиндеги иштин жүрүшү текшерилди

Энергетика

Орто-Токой ГЭСиндеги иштин жүрүшү текшерилди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Орто-Токой ГЭСине барып, ишке киргизүү алдындагы жөнгө салуу жана сыноо иштеринин жүрүшү, ошондой эле станциянын жабдууларын ишке киргизүүгө даярдоо иштери менен таанышты. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, учурда “Чакан ГЭС” ААКнын адистери China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте станциянын генераторлорун жана көмөкчү

Сапар Акунбеков
Япония Кыргызстанга 4 млн доллар грант берет

Гранттар жана кредиттер

Япония Кыргызстанга 4 млн доллар грант берет

Финансы министри Руслан Суйналиев менен Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Эри Арфия жолугушуп, Алмашуу ноталарына жана Гранттык макулдашууга кол коюушту. Гранттык колдоонун жалпы көлөмү 533 млн япон иенин (болжол менен 4 млн долларды) түзөт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, каражаттар жол-транспорт техникасын сатып алууга багытталат.

Сапар Акунбеков
Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

Экономика

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

14-августта Эсептөө палатасы Каржы министрлигине караштуу кызматтар жана мекемелердеги 2025-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча шайкештик аудитин аяктады. Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, аудиттин жыйынтыгында жалпы суммасы 110 млн 181,6 миң сомду түзгөн каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Текшерүүнүн жана көрүлгөн чаралардын натыйжасында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 26 млн

Уулжан Бейшенбекова
Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Коом

Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Манас шаарында алты мектеп куруп жатат. Алардын бири 375 орунга ылайыкталган №21 жаңы мектеп. Министрликтин маалыматына ылайык, объект мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулуш иштери быйыл март айында башталган. Учурда үч кабаттуу мектептин имараты толук тургузулуп, курулуш иштери 85%га аткарылды. Имараттын ички

Айгерим Качкынбекова
Көк-Ташта селден жабыркаган үй-бүлөгө 20 миң даана кыш берилди

Коом

Көк-Ташта селден жабыркаган үй-бүлөгө 20 миң даана кыш берилди

Көк-Таш айылында селден жабыркаган үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, турак жайын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик админстрациясынан билидиришти. Маалыматка ылайык, 20-июнда болгон селден улам Айдана Тагаймуратованын үйү жараксыз абалга келген. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасынын негизинде демөөрчүлөр турак жай ээсине 20 миң

Уулжан Бейшенбекова
Кыргызстанда пиротехника эми атайын дүкөндөрдө гана сатылат

Коом

Кыргызстанда пиротехника эми атайын дүкөндөрдө гана сатылат

Кыргызстанда пиротехникалык каражаттарды сатууга жана колдонууга жаңы чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу "Токтом" маалыматтык-укуктук порталында маалымдалат. Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы №534 токтому менен өлкө аймагында жарандык пиротехникалык каражаттардын жүгүртүү эрежелери бекитилди. Документке ылайык, пиротехникалык каражаттардын бардык түрүн сатууга атайын адистештирилген дүкөндөрдө гана уруксат берилет. Мындан тышкары,

Айгерим Качкынбекова
Улан Ниязбеков Грузиянын премьер-министри менен жолугушту

Саясат

Улан Ниязбеков Грузиянын премьер-министри менен жолугушту

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 14-августта Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде коопсуздук жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Тараптар коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууга, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы

Уулжан Бейшенбекова
Прокурорлор экологиялык талаштарды кароо жана чечүү боюнча окуудан өттү

Коом

Прокурорлор экологиялык талаштарды кароо жана чечүү боюнча окуудан өттү

12-августта жана 14-августта Бишкек жана Ош шаарларында прокуратура кызматкерлери үчүн "Экологиялык талаштарды кароо жана чечүү" темасында тренингдер өткөрүлдү. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, окутууларга экологиялык прокуратуралардын, облустардын, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын кызматкерлери катышты. Иш-чаралар БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) колдоосу менен Судьялар ассоциациясы менен

Айгерим Качкынбекова
"Кыргыз-Ата" паркындагы жаңы комплекстин курулушуна мезгил кутусу салынды

Коом

"Кыргыз-Ата" паркындагы жаңы комплекстин курулушуна мезгил кутусу салынды

"Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы кире бериш аркасын жана көзөмөл-өткөрмө пунктун куруу долбоору ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн комплекстин курула турган жерине капсула салуу аземи өттү. Иш-чарада Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин

Айгерим Качкынбекова
Нарын – Оруктам жолунун 5,3 чакырымына асфальт төшөлдү

Транспорт

Нарын – Оруктам жолунун 5,3 чакырымына асфальт төшөлдү

Нарын облусунун Нарын районундагы Нарын – Оруктам унаа жолунун 9,45-15-чакырым аралыгындагы 5,3 чакырым жолго асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жумуштар №8 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, сапат талаптарын сактоо менен аткарылды. Жолдун бул бөлүгүнүн оңдолушу

Айгерим Качкынбекова
Кыргызстан менен Кытай өткөрмө бекеттерди башкаруу боюнча келишим түзөт

Саясат

Кыргызстан менен Кытай өткөрмө бекеттерди башкаруу боюнча келишим түзөт

14-августта Кыргызстан менен Кытай өткөрмө бекеттерди башкаруу жаатында кызматташуу жөнүндө долбоорду макулдашышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, талкууга Кыргызстандын Бажы жана Чек ара кызматтары, Тышкы иштер, Айыл чарба, Транспорт жана коммуникациялар, Саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү катышты. Кытай тараптан тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү болду.

Уулжан Бейшенбекова