Транспорт
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы авиакаттамдардын графиги өзгөрдү
Москвада “Ковер” планы киргизилгенине байланыштуу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы айрым авиакаттамдардын графиги өзгөрдү. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, “Авиатрафик” авиакомпаниясынын Бишкек – Москва багыты боюнча YK883 каттамы Нижний Новгород шаарындагы аэродромго багытталды. Ошондой эле Бишкектен Москвага учуп бара жаткан К91701 каттамы да ошол жерге конду.