Банктар
“Кудай үчүн которуп койчу”: кокустан картаңызга түшкөн акча сизди түрмөгө чейин алып барат
Эгерде сиздин банктык картаңызга күтүүсүздөн акча түшүп, аны башка эсепке которуп берүүнү “Кудай үчүн” суранып жатышса - шашылбаңыз. Адистер муну азыр алдамчылар арасында кеңири колдонулуп жаткан акчаны адалдоонун схемасы экенин эскертишүүдө. Мыйзамсыз жол менен кымырып алган акчаны шылуундар азыр адалоо үчүн жөнөкөй адамдардын ичинен “курмандыктарды” издеши мүмкүн. Мындай учурда жаран өзү