Транспорт
Балыкчы – Каракол жолунда асфальт басуу иштери жигердүү жүрүүдө
Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 126,0 – 134,0 чакырым аралыгында оңдоп-түзөө иштери активдүү жүрүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына караганда, жолдун оң тарабындагы 126-134-чакырымга чейинки тилкеде биринчи катмардагы асфальт-бетон төшөө иштери толук аяктады. Сол тарабында 126-127+500-чакырымга чейинки аралыкка асфальт төшөлдү.