Экономика
Кыргызстандын экономикалык артыкчылыктары Петербург форумунда талкууланды
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында өткөн бир катар маанилүү панелдик сессияларга катышып, Кыргызстандын агроөнөр жай жана экономикалык өнүгүү багытындагы артыкчылыктуу позицияларын тааныштырды. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. "Эл аралык айыл чарба рынокторун калыптандырууда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ролу" аттуу панелдик сессияда