Экономика
1 млн сомдон ашык суммадагы товарды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюлду
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө пунктунда жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө эсепке алынбаган товарларды мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт коюшту. Салык кызматынын маалыматына ылайык, Renault үлгүсүндөгү жүк ташуучу автотранспорт каражатын текшерүү учурунда коштомо документтерде көрсөтүлбөгөн товарлар: аялдардын косметикалык каражаттары, кийим-кече, чачка кам көрүүчү каражаттар жана башка