Коом
Бишкектин тургундары жол, суу жана жер маселелерин көтөрүштү
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Ак-Ордо", "Ала-Тоо" жана "Арча-Бешик" конуштарынын тургундары менен жолугуп, аймактардагы негизги көйгөйлөрдү талкуулады. Жолугушууда тургундар суу жана канализация тармактарын куруу, жаратылыш газын жеткирүү, жолдорду асфальттоо, коомдук транспортту жакшыртуу, социалдык объектилерди өнүктүрүү жана жер маселелери боюнча сунуштарын айтышты.