Коом
Ысык-Көлдүн жээгине курулуп жаткан мейманкананын абалы текшерилди
Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көлдүн жээгинде курулуп жаткан беш жылдыздуу мейманкана комплексинин курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка караганда, мейманкана комплекси Азербайжандын президентинин иш башкармалыгы менен Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин ортосундагы кызматташтыктын алкагында курулууда. Долбоор аймактагы туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.