Коом

Айт намазы эски аянтта окулат

Коом

Айт намазы эски аянтта окулат

27-майда айт намазы баш калаадагы эски аянтта окулат. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Айт намаздын тартиби: 06:30-07:15 – баяндар 07:15-07:25 – казынын, мамлекеттик кызматкерлердин жана имамдардын чыгып сүйлөөсү 07:25-07:30 – Айт намазын окуу тартибин түшүндүрүү 07:30-07:50

Сапар Акунбеков
Кыргызстанда акыркы 3 жылда 55 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

Коом

Кыргызстанда акыркы 3 жылда 55 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов органдардын донорлугу жана трансплантациясы боюнча эл аралык симпозиумга катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарага 10дон ашуун өлкөнүн окумуштуулары жана дарыгерлери чогулду. Улан Маматканов өз сөзүндө трансплантология тармагын өнүктүрүү заманбап технологиялардын жана эл аралык тажрыйбанын негизинде адамдардын өмүрүн сактап калууга

Айгерим Качкынбекова
Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Коом

Караколдогу Пушкин атындагы эс алуу багы жаңыланууда

Курулуш министрлигинин алдындагы “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы 7,5 гектар болгон эс алуу багы жаңыланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңылоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, быйылкы жылдын февраль айында башталган. Учурда аймакта тамактануу жайларынын курулушу жүрүп жатат. Долбоордун алкагында паркка 12 жаңы

Айгерим Качкынбекова
Бишкекте мыйзамдуу жана коопсуз миграция маселелери боюнча борбор ачылды

Коом

Бишкекте мыйзамдуу жана коопсуз миграция маселелери боюнча борбор ачылды

22-майда Бишкек шаарында Европа Биримдигинин колдоосу менен Эл аралык миграциялык саясатты өнүктүрүү борбору тарабынан ишке ашырылып жаткан “PROTECT” долбоорунун алкагында түзүлгөн экинчи Мигранттар үчүн ресурстук борбордун ачылышы болду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөгө

Сапар Акунбеков
Караколдо бош орундар жарманкеси өттү

Коом

Караколдо бош орундар жарманкеси өттү

Каракол шаарында жумуш издеген жарандар үчүн бош орундар жарманкеси уюштурулуп, ага шаардагы жана облус аймагындагы иш берүүчү мекеме-ишканалар, кесиптик техникалык окуу жайлардын өкүлдөрү, студенттер жана жумуш издеп жүргөн жарандар активдүү катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, жарманкенин негизги максаты ­­­–  жарандарды туруктуу жумуш орундары менен

Сапар Акунбеков
Бишкектин айрым жерлеринде 25-майда суу өчүрүлөт

Коом

Бишкектин айрым жерлеринде 25-майда суу өчүрүлөт

25-май күнү саат 10:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. “Бишкексууканал” ишканасынын маалыматына ылайык, суу турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-өнөр жай объектилерине берилбей калат. Өчүрүү аймагы Жунусалиев көчөсү, Гагарин көчөсү, Абдраимов көчөсү, Балтагулов көчөсү, Чыңгыз Айтматов проспектиси,

Айгерим Качкынбекова
Кыргызстан менен WOAH кызматташтыкты чыңдоону талкуулады

Коом

Кыргызстан менен WOAH кызматташтыкты чыңдоону талкуулады

Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) Делегаттарынын Ассамблеясынын 93-Башкы сессиясынын алкагында Кыргызстандын Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев WOAH уюмунун башкы директору Эммануэль Субейран менен жолугушту. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар ветеринария тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө, эпизоотиялык туруктуулукту камсыз кылуу жана ветеринардык

Айгерим Качкынбекова
Өзбекстандан ташылып келе жаткан 24,7 тонна пияз артка кайтарылды

Коом

Өзбекстандан ташылып келе жаткан 24,7 тонна пияз артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен аймактык башкармалыгы тарабынан кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Кызыл-Кыя” фитосанитардык текшерүү постунда 2026-жылдын 22-майында фитосанитардык көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлдү.  Министрликтин маалыматына караганда, Өзбекстан Республикасынан ташылып келинген жалпы салмагы

Сапар Акунбеков
Дары-дармек бааларын жөнгө салуу, сапатын көзөмөлдөө мүмкүн болуп калды

Коом

Дары-дармек бааларын жөнгө салуу, сапатын көзөмөлдөө мүмкүн болуп калды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бааларды жөнгө салуу жана препараттардын баалары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу механизмдери аркылуу калк үчүн сапаттуу, коопсуз жана натыйжалуу дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча иштерди улантып жатканын билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, учурда жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесине кирген препараттардын баалары мамлекет тарабынан жөнгө салынат. Бирок айрым

Ишкер Media
Ошто 10 гектар аянтты ээлеген сейил бак курулуп жатат

Коом

Ошто 10 гектар аянтты ээлеген сейил бак курулуп жатат

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгине жаңы заманбап сейил бак курулуп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бүгүн шаар мэри Жанарбек Акаев Н. Исанов көчөсүндө жайгашкан курулуш объектисинин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, сейил бактын курулушу бир ай мурда башталган. Ал Исанов көчөсүнөн Бахапова көчөсүндөгү көпүрөгө чейинки 10 гектар аянтты камтыйт.

Айгерим Качкынбекова
Кыргызстан менен Польша миграция боюнча кызматташтыкты күчөтөт

Коом

Кыргызстан менен Польша миграция боюнча кызматташтыкты күчөтөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде кыргыз-поляк миграция тармагындагы кызматташтык маселелери боюнча жолугушуу өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууга министрдин орун басары М. Байгончоков жана Польша Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары В. Зайончковский катышты. Тараптар миграция тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны өнүктүрүү келечегин талкуулап, өз ара

Айгерим Качкынбекова
Ошто жасалма VIN-код менен атайын техника сатуу схемасы аныкталды

Коом

Ошто жасалма VIN-код менен атайын техника сатуу схемасы аныкталды

Ош облусунда идентификациялык маалыматтары өзгөртүлгөн атайын техникаларды мыйзамсыз сатуу схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, чет өлкөдөн алып келинген атайын техникалардын заводдук тактайчалары, VIN-номерлери жана башка идентификациялык белгилери алмаштырылып, чыгарылган жылы жашырылган. Натыйжада алар жаңы техника катары кымбат баада сатылып келген. Тергөө-ыкчам иш-

Айгерим Качкынбекова