Коом
Таластын Май айылында 150 орундуу жаңы мектеп ачылат
Жаңы окуу жылына карата Талас облусунун Манас районундагы Май айылында Б. Узенов атындагы 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, объекттин жалпы наркы 90 миллион сомду түздү. Долбоорго ылайык, эки кабаттуу мектепте окуучулардын заманбап шартта билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар