Коом
Бишкектеги теннис комплекси оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт
Бишкек шаарында “Жабык теннис комплексин оңдоо жана жеңил конструкцияларды куруу” долбоору боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол коюлду. Долбоор Бишкек шаарынын 4-кичи районунда ишке ашырылат. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев жана мэрдин орун басары Рахат Мусаева катышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка