Коом
Жаңы окуу жылында Таластагы “Акылман” лицейинде 96 окуучу билим алат
Талас шаарындагы “Акылман” президенттик лицейи жаңы окуу жылында 7-8-класска кабыл алынган 96 окуучуга эшигин ачат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 18-августта агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева лицейдин ачылышына карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери менен таанышты. Ошондой эле мугалимдерди сынактык негизде кабыл алуунун маанилүүлүгүнө