Коом
Сузакта кытайлык жарандар жашаган үйдө экологиялык мыйзам бузуулар катталды
Барпы айыл аймагындагы Чангет-Сай айылында экологиялык абал боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, А. Нышанбаев көчөсүндө убактылуу жашап жаткан кытайлык жарандар пайдаланган турак үйдөн чыккан саркынды суулар арыкка агызылып жатканы аныкталды. Турак жайдын ээсине экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн