Коом
"Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын Оштогу филиалы текшерүүдөн өттү
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын аймактагы филиалында жарандык коргонуунун абалына баалоо жүргүздү. ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгы билдиргендей, иш-чара жарандык коргонуу боюнча 2026-жылга даярдык планынын негизинде өттү. Комиссия кабарлоо жана чогултуу тутумун, эвакуациялык чыгуулардын талаптарга ылайыктуулугун, ошондой эле өрт, авария жана башка